Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Евробиримдик Түркияга 3 млрд. евро жардам берет


Евробиримдик мигранттар селин токтотуу үчүн Түркияга 3 млрд. евро (3, 4 млрд. доллар) жардам сунуш этти. Келечекте түркиялыктар үчүн виза режимин жеңилдетип, Түркиянын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүнү «ыкчамдатмак» болду.

Биримдиктин лидерлери 16-октябрда Брюсселде болгон саммитте Түркиядагы 2 миллион сириялык бозгундун жашоо-шартын жакшыртууда Анкара менен өз ара кызматташууну жана Азиядан Түркияга келген качкындар агымын азайтуу үчүн чек ара көзөмөлүн координациялоону да макулдашты. «Акыркы эки жумадагы Түркиянын жетекчилиги менен өткөргөн тыгыз сүйлөшүүлөрдүн максаты - Түркия аркылуу Евробиримдикке кирген качкындар агымын токтотуу болду» деп билдирди Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск.

Президент Режеп Тайип Эрдоган жума күнү Стамбулда качкындар кризиси жөнүндө сүйлөп, Евробиримдиктин коопсуздугу Түркиянын коопсуздугу экенин айтты: «Батыш менен Европа континентиндеги коопсуздук жана стабилдүүлүк биздин коопсуздугубуз жана стабилдүүлүгүбүз. Алар буга эми ынанышты. Мен өткөн аптада Брюсселде өткөргөн сүйлөшүүдө алар мунун баарына макул болду»,- деди Эрдоган.

XS
SM
MD
LG