Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Ошто Сот департаментинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматы Ош облустук Сот департаменти башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка караганда, 2014-жылы аталган башкармалыкка бир катар жергиликтүү сот имараттарын оңдоо үчүн 22,5 миллион сом бөлүнгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондук сот имараттары үчүн берилген акча сол чөнтөккө кеткени аныкталган. Натыйжада өлкө казынасына 5 миллион сомдон ашык чыгым келген.

Бул факт боюнча департаменттин жооптуу өкүлдөрүнө Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык көз боёмочулук” беренелери боюнча кылмыш иш козголду. (YI)

XS
SM
MD
LG