Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Аба ырайы: чукул билдирүү


Кыргызстандын аймагында 19-октябрга чейин туруксуз аба ырайы болот. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектерине, тоолорго кар түшөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай аба ырайы айыл чарбада түйшүк жаратып, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

19-20-октябрь күндөрү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде үшүк жүрөт.

18-октябрга карата аба ырайы

18-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоо этектеринде жамгыр карга айланып, айрым учурларда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 6...11,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11,

Баткен облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 11...16,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 12...17,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 9...14,

Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн 6…8, күндүз 7…9 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG