Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Бишкекте кылмышкерди издөө аймагы кеңейтилди


Кылмышкерлерди издөө операциясы. 14-октябрь, 2015-жыл
Кылмышкерлерди издөө операциясы. 14-октябрь, 2015-жыл

Абакта кызматкерлерди өлтүрүп качып кеткендерди издөө Бишкектин Дордой, Энесай конуштарынан сырткары, Көк-Жар аймагында да жүргүзүлө баштады.

12-октябрга караган түнү №50 абакта отурган тогуз киши үч кызматкерди өлтүрүп, бирөөн оор жарадар кылып качып кетишкен. Бешөө ошол эле күнү кармалып, төртөө издөөгө алынган.

Жума күнү алардын экөө Дордой конушунда жүргөнү аныкталып, Данияр Кадыралиев аттуу кылмышкер кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн, милициянын огунан өлгөн. Анын шериги Азамат Мүсүралиев изин жашырганга үлгүргөн.

Учурда үч кылмышкердин кайда экени белгисиз.

Алар абактан качып баратып жарадар кылган кызматкер да кечээ ооруканада каза тапты. (SE)

XS
SM
MD
LG