Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Түркияда мигранттар бараткан кеме чөгүп кетти


Түркиядагы Жер ортолук деңизинде мигранттар менен бараткан кеме сууга чөгүп, 12 адам каза тапты.

Маалыматтарга караганда, кеме кыркка чамалуу адам менен бүгүн Айвалык портунан Грециянын Лесбос аралын көздөй багыт алган болчу. Кеме чөгө баштаган учурда мигранттар куткаруучуларга телефон чалган.

“Анадолу” агенттиги тараткан кабарга ылайык, 25 адам куткарылды.

Быйыл жыл башынан бери Жер ортолук деңизи аркылуу Европага өтүп бараткан 3 миңден ашуун мигрант сууга чөгүп, набыт кетти. (SE)

XS
SM
MD
LG