Украинанын Одесса облусундагы кеме кырсыгына байланыштуу 18-октябрь аймакта аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кырсык Кара деңизде, Заток конушунун аймагында ишемби күнү болду. Расмий кабарларга караганда, “Иволга” деп аталган жүргүнчү ташуучу катер жээкке 300 метр калган учурда чөгө баштаган. Борттогу 36 адамдын 12си каза болду. Бир адам дайынсыз. Калгандары куткарылды.
Техникалык документтер боюнча аталган катер 15 кишиге гана ылайыкташкан.
Украина Ички иштер министрлиги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. (SE)