Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Москвада Орусиянын Сириядагы аракетине каршы митинг өттү


Орусия баш калаасындагы Суворов аянтында 17-октябрь күнү “Согуш жок” деген аталышта митинг өттү. Акцияны “Тилектештик” кыймылы Сириядагы согуштук аракеттерге Орусиянын аралашуусуна каршы уюштурганын “Интерфакс” кабарлады. Митингди полиция кызматкерлери көзөмөлдөдү.

“Биз Орусиянын аскерлери Сирия президенти Башар Асаддын режимине колдоо көрсөтүп, жайкын тургундардын өлүмүнө себепкер болушун каалабайбыз”, - деп жазылат “Тилектештик” кыймылы тараткан кабарда.

Бийлик акцияга 300 чамалуу адам катышканын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG