Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Венгрия чек арасын жапкандан кийин мигранттар Словенияга келишти


Словения полициясынын 17-октябрдагы маалымдоосуна караганда, мигранттар түшкөн автобус Словения чегине келип, каттоого алынды. Словения Балкандан Батыш Европага мигранттар агымын азайтуу үчүн Хорватия менен темир жол байланышын чектеген.

Венгрия чек арадан өткөрүүнү токтоткондон кийин Сирия качкындарынын агымын азайтуу үчүн Европа биримдиги Түркияга жардам берерин жарыялады.

Адам укугун коргоо боюнча эл аралык Amnesty International уюму Европа Биримдигинин бул чечимин сынга алып, аны “качкындарды Түркияда кармоо” катары баалады. Укук коргоо уюму Европа биримдигин “качкындардын Европага келиши үчүн коопсуз жана мыйзамдуу жол берүүнү” талап кылды. (AiT)

XS
SM
MD
LG