Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Азербайжанда улуттук коопсуздук министри кызматтан алынды


Президент Илхам Алиевдин 17-октябрдагы жардыгы менен улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Элдар Махмудов кызматынан бошотулду. Таасирлүү жана кубаттуу Махмудовдун эмне себептен кызматтан алынганы көрсөтүлгөн эмес.

Элдар Махмудов 2004-жылдан бул кызматты аркалап келген. Азербайжан оппозициясы бийлик мындай саясий чечимдерди кабыл алууга эмне себеп болгону тууралуу маалымат бербейт деп айыптоодо. Алар бийликти коррупция, авторитаризм жана адам укуктарын бузуу боюнча сындап келатышат. (AiT)

XS
SM
MD
LG