Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Оштогу тотуканада куштардын саны миңден ашты


Бул тууралуу “Азаттыкка” тоту куштарды багуучу Ибрагим Эргешов билдирди. Ал канаттуунун бүл түрүн Ош шаарындагы өзүнүн эки турак жайында бир нече жылдан бери багып келатат. Эки жыл мурда эле тотулардын саны 100гө жетпеген болсо, азыр алардын саны миңден ашкан. Куштун көбөйүшүнүн себебин ал тоту мүнүшкөрлүгүнүн сырын жакшы өздөштүргөнү менен байланыштырат.

Африка, Малайзия сыяктуу ысык өлкөлөрдү мекендеген канаттууну Кыргызстандын шартына көндүргөн Эргешовдо учурда тотукуштун 40ка жакын түрү бар. Канаттууларды Малайзия, Жаңы Зеландия, Австралия жана Африкадан Өзбекстан аркылуу алып келет.

Тоту куштар түрүнө, чоң-кичинесине карап баасы миң сомдон үч миңге чейин сатылат. Ибрагим Эргешов баккан тоту куштардын негизги кардарлары казакстандыктар менен орусиялыктар.

Эргешов тоту куштардан сырткары 30га жакын канарейка жана тоос багат. (ErN)

XS
SM
MD
LG