Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Кыргызстан Хоменюктун иши боюнча апелляция берген жок


Лен Хоменюк.
Лен Хоменюк.

Интерпол аркылуу жарыялаган издөөнүн негизинде алгач 27-июлда камакка алынып, Болгарияда эки айдан ашуун кармалып турган Лен Хоменюкту эми бул өлкөнүн бийликтери Кыргызстан сот чечимине каршы жогорку инстанцияга апелляция бербегенден кийин бошоткону жатат.

Бул үчүн болгар мыйзамдарында жети күндүк гана мөөнөт каралган.

Кумтөр алтын кенин иштеткен Centerra Gold компаниясынын мурдагы жетекчиси Лен Хоменюк Болгариядан 21-октябрда жөнөп кетерин анын жубайына шилтеме жасап, канадалык The Province интернет басылмасы жазып чыкты.

Быйыл 7-октябрда Болгариянын соту Кыргызстандын коррупция боюнча айыпталган Хоменюкту өткөрүп берүү өтүнүчүн четке каккан эле.

Сот өз чечимин Кыргызстан менен Болгария ортосунда кылмышка шектүүлөрдү өткөрүп берүү тууралуу келишимдин жоктугуна, ошондой эле кыргыз тарап Хоменюктун иши боюнча жетиштүү далилдерди бере албаганы менен негиздеген.

Хоменюк кыргыз тараптын айыптарын четке кагып, бул ал мурда иштеген компанияны өкмөт менен Кумтөр боюнча жаңы келишимге кол коюу үчүн кысым көрсөтүү аракети катары баалаган. Ал Centerra Gold компаниясынын 2004-2008-жылдардын аралыгында башкарган. (UE)

XS
SM
MD
LG