Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Словения мигранттарды чек арадан токтотуп койду


Хорватия-Словения чек арасындагы мигранттар. 19-октябрь, 2015-жыл.
Хорватия-Словения чек арасындагы мигранттар. 19-октябрь, 2015-жыл.

Өлкө бийликтери кабарлагандай, алар Хорватиядан келген миңден ашуун мигрантты чек арадан күндөлүк квота толгонуна байланыштуу өткөрбөй койду.

Хорватия коңшу Словениядан күнүнө 5000дей мигрантты кабыл алып турууну суранган, бирок расмий Люблана мунун жарымын гана өткөрө аларын айтууда. Словениянын чарасы мигранттар Хорватия менен Сербияда топтолуп калышына түрткү берүүдө.

БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгынын эсебинде, ушу тапта Сербияда 10 миңдей мигрант жыйналып турат.

Сербия – Хорватия чек арасындагы мигранттарда болсо тамак-аш жана түнөк кыла турган чатырлары жок.

Быйыл Сирия, Ооганстан, Ирактагы согуштан качкан он миңдеген мигрант Батыш Европага жетүү максатында Балкан чөлкөмү аркылуу каттады. Алар Венгрия Хорватия жана Сербия менен чек арасын жапкан соң барар багытын Словенияга бурушкан. (UE)

XS
SM
MD
LG