Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Бишкектеги №38 мектепте мушташ чыкты


Баш калаадагы №38 орто мектепте окуучулар арасында бүгүн эртең менен чоң мушташ чыкты. Күбөлөрдүн айтуусунда, спорт кийимчен балдар тобу мектепке келип, үч-төрт окуучуну сабап кетишкен. Маалыматтарга караганда, мушташты баштагандар Олимпиадалык резерв мектебинин окуучулары.

Окуяга күбө болгон кабарчыбыз билдиргендей, эки мектеп директору жолугуп, окуянын чоо-жайын такташты. Күч кызматкерлери да жеринде териштирүүнү баштады. Билим берүү жана илим министрлигинин адистери да чатакты иликтеп жатат. Жабыркагандардын абалы тууралуу толук маалымат бериле элек.

Аталган эки мектептин окуучулары быйыл 16-сентябрда да мушташып, үчөө бычакталган. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон. (SE\AiA)

XS
SM
MD
LG