Бул тууралуу унаалардын биринин ээси, өзгөндүк ишкер Эркебай Жумаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, кыргызстандык ишкерлердин буйрутмасы менен тиричилик товарларын ташып келүү үчүн Кытайга барган 17 оор жүк ташуучу унаа август айынын башынан бери Кашкар шаарында кармалып турат. Айдоочулар өздөрү ошо жерде жатаканада жашап, акчалары калбай калганын билдиришүүдө. Кытай бийликтери айдоочуларга жүктөрдүн документи туура эмес толтурулганын айтып унааларды чыгарбай коюшкан.
Айдоочулар ал жактан товар жүктөп берген кытай ортомчулары документтерди мыйзамсыз кылып коюшу мүмкүн деп шектенүүдө. Айдоочулар жана ишкерлер бул боюнча 28-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин түштүк боюнча башкармалыгына арыз жазышкан. Азырынча алардан эч кандай жардам боло элек.
Ош шаарындагы Кытай консулдугу бул маселе боюнча комментарий берген жок. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгы болсо бул иш азырынча Кытайдагы кыргыз элчилиги тарабынан каралып жатканын билдирүү менен чектелди. (ErN)