Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Унду аткезчилик менен алып кирүү көбөйдү


Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден бери Казакстандан унду аткезчилик менен алып кирүү арбыды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов Таластагы салык кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтуусу боюнча, салык төлөөдөн баш тартуу максатында айрым ишкерлер жаңы схемаларды ойлоп табышты:

-Алар талон толтуруп жатканда товарлардын баасын төмөндөтүп көрсөтүшкөн. Жаңы мисал, жакында эле үч күндүн ичинде Кыргызстанга 1 миң 237 тонна ун алынып келинген, анын суммасы 4 млн. сом деп көрсөтүлгөн. Демек, учурда ундун базардагы баасы 20-23 сом болуп жатса, импорттолуп келген 1 килограмм ундун орточо баасы 3 сомду эле түзөт.

Замирбек Осмоновдун ырасташынча, мындай фактылардан улам, салык салуу максатында ташылып келген товарларга баанын контролдук деңгээлин аныктоо жана колдонуу механизмин киргизүү маселеси каралууда. Ага ылайык, мисалы, ундун контролдук деңгээлин килограммына 15 сомдон кем эмес өлчөмдө аныктоого болот. “Эгерде ундун баасын талонго жана отчетторго 3 сомдон деп көрсөткөн күндө дагы, салыкчылар салыкты 15 сомго карата салышат”, - деди салык кызматынын башчысы.

Кыргыз-казак чек арасынан Бажы кызматы алынгандан бери, Казакстандан даяр унду алып өтүү көбөйгөнүн, бул жергиликтүү өндүрүшкө чоң зыян тийгизип жаткандыгын мурдараак “Тегирменчилер” ассоциациясы да билдирген эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG