Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдирди. Министр бул демилге тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча кеңештин жыйынына сунушталганын билдирип, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга Ички иштер министрлиги 27 млн. гана доллар сарптоого даяр экенин кошумчалады.
ИИМдин маалыматы боюнча, быйыл Бишкек-Ысык-Көл жолу 70 % видеокөзөмөл камера менен камсыз болду. Эми алар Бишкек-Ош жолундагы бекеттерге орнотулууда. Ошондой эле Бишкекте 50 көчөнүн кесилишине камералар коюлат.
“Коопсуз шаар” долбоорун тендерге катышкан кээ бир компаниялар 47 млн. долларга бүтүрүп беребиз дешсе, орусиялык “Стилсофт” компаниясы бул иш 85 миллион долларга турарын билдирген.(ZKo)