Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:52

Башка адамдын паспорту менен Орусияга учканы жаткан жаран кармалды


Бүгүн, 20-октябрда «Ош-аэропорт» өткөрүү пунктунан Ош–Москва каттамын текшерүү учурунда башка адамга таандык паспорт менен өтүп бараткан Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин 31 жаштагы жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө тапшырылды.

Орусияга учкан айрым мигранттар өздөрүнүн бир туугандарынын же тааныштарынын паспорттору менен учууга аракет кылган учурлар буга чейин да катталган. Айрым учурда алар башка адамдын паспорту менен чет жакта бир канча убакыт жашап жүргөнү да маалым.

Алар муну орус милиция кызматкерлери кыргыз мигранттарынын жүзүн айра тааный албайт деп жасашарын адистер белгилешет. (ErN)

XS
SM
MD
LG