Бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын жогорку чиндеги аскер төбөлү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөшүүнү талкуулоо үчүн Иракка келди.
Деңиз флоттун генералы Жозеф Данфорд АКШнын жогорку генералы болуп 1-октябрда дайындалгандан кийин жогорку чинде алгач ирет Ираккка иш сапар жасоодо.
Ал Ирактын Курдистан аймагынын борбор калаасы Ирбилге барып, аймактын жетекчиси Массуд Барзани менен жолугат. Ошондой эле Ирактагы АКШ аскер командирлери менен жолугат.
Данфорд журналисттерге Ирак менен кошо Орусиянын Сириядагы аскердик соккуларына байланыштуу маселелер бул иш сапарда талкууланбай турганын жарыялады.