10-октябрдагы Анкарада болгон кош чабуулдун бирөөндө өзүн-өзү жардырган жанкечитинин ким экенин Түркия бийлиги аныктады. Ал июль айында бир тууганы да ушуга окшош чабуулдарды Түркияда жасаган адам болуп чыкты. Ага-инилер өз шаарында “ИМ”ди жайылтууга аракет кылганы менен таанымал болушкан.
Анкара прокуратурасы 19-октябрь күнү жанкечтилердин бирөөнүн аты Түркиянын Адяман аймагынын тургуну Юнус Эмре Алагөз экенин, ДНК тесттерин текшерүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Юнус Эмренин бир тууганы Сейх Абдуррахман Алагөз ушул жылдын июль айында Сирия менен чектешкен Түркиянын Суруч шаарында күрт студенттеринин демонстрациясы учурунда өзүн жардырып, 33 киши каза тапкан.
Ал эми 10-октябрда жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алган Анкарадагы кош жарылуудан шектүү деп 15 адам камалган.