Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Канаданын Либералдык партиясы шайлоодо утуп чыкты


Канадада өткөн шайлоодо Либералдык партия жеңди. Эми либералдар өлкөнүн мыйзам чыгаруу органындагы жалпы орундун жарымынан көбүнө ээ болуш ыктымалдыгын жергиликтүү маалымдоо каражаттары кабарлоодо.

Аталган партиянын төрагасы, мурдагы премьер-министр Пьер Трюдонун уулу 43 жаштагы Жастин Трюдо өкмөт башчылыгына келет. Ал 56 жаштагы консервативдик партиянын лидери, 9 жылдан бери бийликте турган Стивен Харпердин ордун басат.

Либералдык партиянын шайлоодогу жеңиши көптөрдү таң калтырууда. Себеби шайлоого чейинки сурамжылоолордо Жастин Трюдо Стивен Харперден кыйла артта калып жаткан.

Жастин Трюдо оппозициялык партиянын башына келгенине 2 гана жыл болду. Анын жеңишин улай Канада долларынын курсу да төмөн түшүп кеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG