Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

БУУ баш катчысынын Израил менен Палестинадагы иш сапары башталды


Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Израил менен Палестинадагы кандуу кагылыштар болуп жаткан аймактарга атайын иш сапары менен барды.

Палестинанын Тышкы иштер министри Рияд Малики жергиликтүү медиага Пан Ги Мун Израил жана Палестинанын лидерлери менен жолугушарын кабарлады.

Атын атабаган БУУнун расмий өкүлү да Пан Ги Мундун эки күндүк сапары учурунда Жакынкы Чыгыштагы жоолошкон эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен жолугушарын Associated Press агенттиги билдирди.

Израил менен Палестина жарандарынын ортосунда кандуу кагылышуулар бир нече аптадан бери уланууда. Андан сегиз израилдик жана 40тан ашуун палестиналык көз жумду.

XS
SM
MD
LG