Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Дартка моюн сунбаган балбандын ийгилиги


Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында (40 жаштан 45 жашка чейинкилер, 85 кг) дүйнө чемпионатынын байге ээлери. Афины шаары.
Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында (40 жаштан 45 жашка чейинкилер, 85 кг) дүйнө чемпионатынын байге ээлери. Афины шаары.

Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. 13-18-октябрь күндөрү 35тен 70 жашка чейинки ардагерлердин ортосунда Грецияда өткөн мелдешке 70 өлкөдөн спортчулар катышты.

Чынарбек Изабеков 45 жашта. Ал 40тан 45 жашка чейинкилер арасында С категориясында салмагы 85 килограммга жетпегендер менен күч сынашып, төрт беттеш өткөргөн. Бул салмакта 15 балбан килемге чыккан. Алгачкы беттешинде грециялык Десколидис Парадосту, чейрек финалда венгриялык Сипеки Каролини артыкчылык менен уткан.

Финалга чыгуу үчүн беттеште орусиялык Георгий Петровго туш келип, 2:1 эсебинде жеңип алган. Чечүүчү беттеште ирандык Салехи Реза менен таймашып, 4:2 эсебинде утуп дүйнө чемпиону аталды. “Бул беттеш күчтүү атаандаштыкта өттү”,-дейт дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков.

- Мелдеш болоордо балбандардын даярдыгын көрүп аябай жүрөксүдүм. Эки атаандашымды уткандан кийин килемге чыкпай койсомбу деген ой келди. Анткени алар жаш кезинде дүйнөлүк чемпиондуктарды, олимпиада оюндарын уткан чебер спортчулар эле. Бирок атайын баргандан кийин өз өлкөмдүн намысы үчүн күч сынашууну туура көрдүм. Өзгөчө алтын байге үчүн күч сынашуу жеңил болгон жок. Кыйынчылыкка карабай жеңип, акыры чемпион болдум. Кубанычымда чек жок!

СССРдин жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаев
СССРдин жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаев

​СССРдин жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, Чынарбек Изабеков финалдык таймашта кабыргасынан жаракат алганына карабай таймаштарын уланткан.

- Чынарбек бул мелдешке чейин сол колунун чыканагынан жаракат алып операция жасатам деп жүргөн. Ага кошумча бул мелдеште финалга чыгарда кабыргасы сынып калыптыр. Бирок чымырканып, бир колу жакшы иштебегенине жана кабыргасы сынганына карабай акыркы мүнөттөргө чейин күч сынашып, ирандык балбанды утуп алтын байгени алганы чоң эрдик болду. Чынарбек өспүрүм кезинде менде машыккан учурда кээ бир балбандар жаракаттарына көз жумуп, жеңиш үчүн болгон күч аракеттерин жумшап, эрдик көрсөтүшөт деп айткандарым анын эсинде сакталса керек.

Чынарбек Изабеков 15 жашында Фрунзедеги Н.К.Крупская атындагы спорт интернатында эркин күрөш классында сабак алып, СССРдин жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаевдин жетекчилигинде машыккан. Кийин жаштар арасында СССРдин чемпиондугун утуп, СССР курамасынын катарында бир катар союздук мелдештерде жеңишке жеткен. 18 жашында (1988-жылы) жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда күмүш медалды тагынган. Чоңдор арасында дүйнө чемпиондугуна, олимпиада оюндарына даярданып күчкө толуп турган кезинде, 21 жашында ден соолугуна байланыштуу спорттук карьерасын жыйынтыктоого туура келген.

Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков
Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков

- 1987-жылдан 1990-жылга чейин СССР курама командасында сыноо катарында балбандар 4 маал машыгышкан. Үзгүлтүксүз машыгуулардын натыйжасында бөйрөгүм оооруп, кан басымым жогорулап кетти. Көп учурга чейин саламаттыгым жакшы болбогондуктан машыгуумду токтотууга мажбур болдум. Кийин 2007-жылдары кант диабети менен ооруп калган кезимде дарыгерлер спорт менен машыгууну сунушташты. Ошондон кийин "спорт менен оорудум эле, эми кайра спорт менен айыгайын" деп эркин күрөш менен кайрадан машыгууну уланттым. Аракетим текке кеткен жок.

Спорттук күрөш боюнча Кыргызстандын федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев Чынарбек Изабековдун жетишкендиги ардагер спортчулар үчүн үлгү болоорун белгиледи.

- Убагында СССРдин чемпиондугунда, дүйнөнүн чемпиондуктарында байге ээлери болгон көптөгөн чебер спортчулар Чынарбектин ийгилигин көргөндөн кийин кайрадан машыгууну уланткылары келип калды. Өмүрүн спортко арнаган көп спортчулар жеңиш үчүн ат салышса болоорун билип, аларда үмүт пайда болду. Ал гана эмес, жаш спортчулар дагы байге утуу үчүн жаш куракта чек жок экенин билишсе болот. Эркин күрөш өкүлдөрү буга чейин алтын медаль утушкан эмес.

Ардагерлер арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону, жеке ишкер Чынарбек Изабеков спорттогу тажрыйбаларын үйрөтүп, машыгуу залдарын ачып, каржылык колдоосун да аябай келатат.

Учурда Изабековдун уулдары Нарбек менен Атай ата жолун улап, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору. Кызы Айша Изабекова көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдештерде алтын байгелердин ээси болууда. Кичүү уулу Бекбол өспүрүмдөр арасында футбол боюнча улуттук курама команданын катарында ойнойт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG