Абактан качкан Мүсүралиев жок кылынды
ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, оперативдүү маалыматтар боюнча Азамат Мүсүралиев кармоо учурунда каршылык кылганы үчүн жок кылынды. Маалыматка ылайык, Азамат Мүсүралиев Сокулук районундагы ээн сарайдын биринде жашырынып жүргөн. Мүсүралиев Азамат, 1987-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун, Кара-Көл шаарынын тургуну. Уурулук кылганы үчүн камакка алынган. Тыюу салынган «Жайшүл Махди» диний уюмунун мүчөсү экени маалымдалган. 12-октябрга караган түнү Чүй облусунда жайгашкан №50 абактан тогуз кылмышкер качып, анын бешөө дароо кармалган. Бирөө 16-октябрда кармоо учурунда милицияга кол салганы үчүн өлтүрүлгөн.
Чыгарылыштар
-
Июль 14, 2026"Карындашым өз жанын кыйганына ишенбейбиз”
-
Июль 14, 2026Өзгөн: Кашка-Теректеги чыр бычакташууга чейин жетти
-
Июнь 29, 2026Бишкектеги мунай тартыштыгы
-
Июнь 26, 2026Сумая: “Күйөөмдүн колунан тирүү чыкканыма сүйүнөм”