Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Премьердин кендер боюнча тапшырмасы аткарыла элек


Ош жана Баткен облустарындагы кендерди 20-октябрга чейин ишке киргизүү боюнча өкмөт башчы Темир Сариевдин жергиликтүү бийликтерге берген тапшырмасы аткарыла элек.

Премьер-министр 26-сентябрда өкмөттүн Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында Чоң-Алайдагы Кара-Казык, Баткендеги Шамбесай, Алтын-Жылга кендерин бир ай аралыгында иштетүүнү тапшырган эле. Бирок тапшырма белгиленген мөөнөттө ишке ашпай калды.

Чоң-Алай районунун акими Жумадил Жапаров даярдык иштеринен улам Кара-Казык кени жаңы жылга чейин ишке кирери күтүлүп жатканын айтса, Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаков инвесторлор парламентте коалиция түзүлүп, өкмөттүн дайындалышын күтүп жатканын билдирди.

Кара-Казык кенин кытай, Шамбесай жана Алтын-Жылганы австралиялык инвесторлору иштетери маалымдалган. (YI)

XS
SM
MD
LG