Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Латвия Орусия менен чек арасына дубал курат


Латвия бийлиги өлкөгө мыйзамсыз мигранттарды киргизбөө максатында Орусия менен чек арасына дубал тургузат. Ички иштер министрлиги сезимтал жабдуулар орнотулган дубалдын узундугу 90 чакырым болорун билдирди. Дубал алдыдагы төрт жылда курулуп бүтөт. Жумуш Латвия-Орусия чек арасын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан 20 миллиард евролук долбоордун алкагында жүргүзүлөт.

Бул боюнча Москва расмий пикирин айта элек.

Маалыматтарга караганда, быйыл Орусия аркылуу Латвияга 300гө чамалуу мигрант келген. Алардын көбү Вьетнам, Ирак жана Сирия жарандары. (SE)

XS
SM
MD
LG