Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Шайлоого катышкан 14 партия 5 млн. 800 миң сом салык төлөдү


Мамлекеттик салык кызматынын маалымдоосунда, шайлоого катышкан 14 партия төрт ай ичинде 5 млн. 800 миң сом салык төлөгөн. Анын ичинен 4 млн. 58 миң сом киреше салыгы түрүндө түшкөн. Партиялар 1 млн. 792 миң сомго патент алып, анын 147 миң 600 сому имараттардын жана 645 миң 300 сому жарнамалык күркөлөрдүн ижарасынан которулган.

Парламентке өткөн партиялар арасынан КСДП 1 млн. 334 миң сом, “Өнүгүү-Прогресс” 661 миң 900 сом, “Кыргызстан” партиясы 630 миң сом, “Республика-Ата-Журт” 350 миң 200 сом, “Бир Бол” 327 миң 600, “Ата Мекен” 106 миң 600 сом киреше салыгын төккөн.

Салык кызматы шайлоо жараянына катышкан партиялардын жана алар менен кызматташкан ишканалардын жана жеке жактарды текшерүү иштери жүрөрүн кабарлайт. Салыкты жашыруу аракети аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертет. (JM)

XS
SM
MD
LG