Борбор Азиядагы Америка университети 15 жыл аралыгында Кыргызстандагы абройлуу жана сапаттуу окуу жайга айланган. Университеттин мугалим жана студенттер үчүн жаңы кампусу курулуп бүттү.
Америка университетинин жаңы конушу
![Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусу Бишкектин түштүк аймагында тоо этектеп жайгашкан.](https://gdb.rferl.org/9ecd2855-d936-4609-9466-b3ca4f7e2a10_cx0_cy16_cw90_w1024_q10_r1_s.jpg)
1
Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусу Бишкектин түштүк аймагында тоо этектеп жайгашкан.
![Кампуска кирээр замат сизди жөнөкөй костюмчан, жылмайган кароолчу тосуп алат.](https://gdb.rferl.org/659fd3b2-30ac-48af-b14f-0e3a0679c92f_w1024_q10_s.jpg)
2
Кампуска кирээр замат сизди жөнөкөй костюмчан, жылмайган кароолчу тосуп алат.
![Ар бир кабатта бир нече чакан кафетерий жайгашкан.](https://gdb.rferl.org/2067c9cb-6560-4b36-aca4-0cfc61eea9a8_w1024_q10_s.jpg)
3
Ар бир кабатта бир нече чакан кафетерий жайгашкан.
![Кампус төрт кабаттан турган эс алуу борборун элестетет. Анын ар бир кабатында мугалим жана студенттер үчүн тамактануу жана эс алуу жайлары орун алган.](https://gdb.rferl.org/336347c6-f521-4cbb-8b66-a3eaa7ad7193_w1024_q10_s.jpg)
4
Кампус төрт кабаттан турган эс алуу борборун элестетет. Анын ар бир кабатында мугалим жана студенттер үчүн тамактануу жана эс алуу жайлары орун алган.
![Окуу жайда кыргызстандык студенттерден сырткары Тажикстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан, Өзбекстан, Түркиядан келип билим алышат. ](https://gdb.rferl.org/71c5f130-830b-4784-9aa5-70f19ae6bab7_w1024_q10_s.jpg)
5
Окуу жайда кыргызстандык студенттерден сырткары Тажикстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан, Өзбекстан, Түркиядан келип билим алышат.
![Кампустун конструкциясы жөнөкөй, кымбат жасалгоолорду көрбөйсүң.](https://gdb.rferl.org/821f8358-648e-48f1-94fe-b0b83e03e01d_w1024_q10_s.jpg)
6
Кампустун конструкциясы жөнөкөй, кымбат жасалгоолорду көрбөйсүң.
![Кампуста 200 орундуу заманбап техника менен жабдылган эки жыйын залы бар. ](https://gdb.rferl.org/e211d47a-0740-4bc1-92af-6a014588656e_w1024_q10_s.jpg)
7
Кампуста 200 орундуу заманбап техника менен жабдылган эки жыйын залы бар.
![Ар бир кабатта китеп окуп, сүйлөшүп же эс алып жаткан студенттерди көрүүгө болот. Коридорлор чоң жана жарык, үңүрөйгөн бөлмөлөрдү дээрлик кездештирбедик.](https://gdb.rferl.org/38cc974b-2791-49a0-b0e1-bfab3f811907_w1024_q10_s.jpg)
8
Ар бир кабатта китеп окуп, сүйлөшүп же эс алып жаткан студенттерди көрүүгө болот. Коридорлор чоң жана жарык, үңүрөйгөн бөлмөлөрдү дээрлик кездештирбедик.
![Окуу жайдын ар бир лекция бөлмөсү терезе менен тосулган. Демек анын ичинде өтүлүп жаткан сабакты көрүүгө болот. ](https://gdb.rferl.org/23341cef-b072-42ff-b30c-8e3c3306704a_w1024_q10_s.jpg)
9
Окуу жайдын ар бир лекция бөлмөсү терезе менен тосулган. Демек анын ичинде өтүлүп жаткан сабакты көрүүгө болот.
![Кампуста чет элдик адабиятка бай, студенттердин окуусуна ыңгайлуу болгон чоң китепкана бар.](https://gdb.rferl.org/92e9d734-c53d-4568-b36c-f7d038ff925f_w1024_q10_s.jpg)
10
Кампуста чет элдик адабиятка бай, студенттердин окуусуна ыңгайлуу болгон чоң китепкана бар.
![Лекция бөлмөлөрүнүн эң ириси 30-40 адамга ылайыкташкан. ](https://gdb.rferl.org/f9846771-7587-4e58-a54f-0ca6d38406aa_w1024_q10_s.jpg)
11
Лекция бөлмөлөрүнүн эң ириси 30-40 адамга ылайыкташкан.
![Ар бир студенттин жеке кутучулары бар. Студенттер кампуста өзүн абдан эркин сезет. Коридордо скейт тээп жүргөн балдарды да көрүүгө болот. ](https://gdb.rferl.org/17d1bd83-0355-445a-b9e6-149001af57b3_w1024_q10_s.jpg)
12
Ар бир студенттин жеке кутучулары бар. Студенттер кампуста өзүн абдан эркин сезет. Коридордо скейт тээп жүргөн балдарды да көрүүгө болот.
![Чоң лекция залдардан сырткары чакан сабак бөлмөлөрү бар. Алар балдардын өз алдынча иштеп, бири бири менен баарлашуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.](https://gdb.rferl.org/d935d91f-4e1b-40c7-a39e-b673da54ec52_w1024_q10_s.jpg)
13
Чоң лекция залдардан сырткары чакан сабак бөлмөлөрү бар. Алар балдардын өз алдынча иштеп, бири бири менен баарлашуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.
![Кампус кышында жылуу, жайында салкын тартып турат. Айтмакчы, табигый энергия менен жылыган Борбор Азиядагы алгачкы окуу жай. ](https://gdb.rferl.org/421a77c9-b70e-48f5-99cd-6232aa468b68_w1024_q10_s.jpg)
14
Кампус кышында жылуу, жайында салкын тартып турат. Айтмакчы, табигый энергия менен жылыган Борбор Азиядагы алгачкы окуу жай.
![Окуу жайдын төртүнчү кабатында чоң спорт зал жайгашкан. Мындан сырткары студенттердин тандоосуна жараша бир канча ийрим бар. ](https://gdb.rferl.org/5a35cd74-7142-43a6-967a-30de2e5e1c13_w1024_q10_s.jpg)
15
Окуу жайдын төртүнчү кабатында чоң спорт зал жайгашкан. Мындан сырткары студенттердин тандоосуна жараша бир канча ийрим бар.
![Кампустун мугалимдеринин жеке бөлмөлөрү жок. Ондогон мугалимдин бир залда чакан иш орундары бар. ](https://gdb.rferl.org/f27f810c-01b2-49e5-af3d-af780bee2b54_w1024_q10_s.jpg)
16
Кампустун мугалимдеринин жеке бөлмөлөрү жок. Ондогон мугалимдин бир залда чакан иш орундары бар.
![Бир жылдык окуу акысы 2000 доллардан 5000 долларга жетет. Бирок студенттин билим деңгээлине жана социалдык абалына жараша жеңилдиктер каралган.](https://gdb.rferl.org/9013f5cf-5637-4d9a-b302-9175e71c1c0f_w1024_q10_s.jpg)
17
Бир жылдык окуу акысы 2000 доллардан 5000 долларга жетет. Бирок студенттин билим деңгээлине жана социалдык абалына жараша жеңилдиктер каралган.
![Борбор Азиядагы Америка университетинин 2500 бүтүрүүчүсү дүйнөдөгү эң ири Гарвард, Йель, Сорбонна окуу жайларында билимин улантып, алдыңкы компанияларга ишке орношкон.](https://gdb.rferl.org/073648b2-95a1-4bb6-aa35-53dc809cccf4_w1024_q10_s.jpg)
18
Борбор Азиядагы Америка университетинин 2500 бүтүрүүчүсү дүйнөдөгү эң ири Гарвард, Йель, Сорбонна окуу жайларында билимин улантып, алдыңкы компанияларга ишке орношкон.