Жалал-Абад облусунда рекетчиликти азайтуу максатында мектептерге видеобайкоо орнотулууда. Учурда Ноокен районундагы 19, Жалал-Абад шаарындагы беш мектепте видеокөзөмөл бар. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова “Азаттыкка” билдирди.
Мектепке видеокамералар ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен коюлган. Облус аймагында 472 орто мектепте 200 миңден ашык окуучу билим алат.
Кыргызстандагы мектептерде окуучулар арасында бири-бирине өкүмзорлук негизги маселе катары көтөрүлүп келүүдө. (RsK)