Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Оштогу көпүрөнү курууда 35 объект бузулган


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов билдирди. Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнү курууда майда дүкөн, соода жана башка жайлар курулуштун ордуна туура келип калган үчүн бузулду. 35 объекттин ээлерине компенсация катары 100 млн. сом төлөндү.

Ормоновдун белгилешинче, бузула турган бир гана имараттын ээси менен мэрия макулдаша алган жок. Имараттын ээси компенсация үчүн Ош шаардык мэриясынан 16 млн. сом сураган. Адистер ал объекттин максималдуу баасы төрт жарым млн. сом экенин эсептеп чыккандан кийин калаа бийлиги аларга кун төлөп берген эмес. Нытайжада көпүрө ал имараттын жанына, жакын салынды. Вице-мэрдин айтымында, бул курулушка эч кандай зыянын тийгизбейт.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан кабарлашкандай, Навои көпүрөсүнүн жанындагы бузулбай калган имарат кийин баары бир бузулат. Анткени анын курулушу мыйзамсыз болгон. Анын ээси 45 чарчы метр жерди менчикке алып, 160 чарчы метр жерге имарат салып алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG