Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Бүгүн Жогорку Сотто “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын арызы каралат


Бул тууралуу партиянын штабынан кабарлашты. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы Ош жана Жалал-Абад облустарында добуштарды саноодо чоң айырмачылыктар болгон деп, 100дөн ашуун добуш берүү участокторунда бюллетендерди кайра саноону талап кылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10 тилкеде кайра саноого барып, партиянын шектенүүсү тастыкталбаганын билдирди. Партия шек туудурган бардык тилкелерде бюллетендерди кайра саноону талап кылууда. Биринчи Май райондук соту аны канааттандырган эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров 22-октябрда боло турган сот жараянынада БШКнын чечимин коргоого аларын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG