Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр департаментинен “Азаттыкка” кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, жыл башынан бери 2462 кыймылсыз мүлктү алып-сатуу катталган. Өткөн жылдын тогуз айында бул көрсөткүч 3543 болчу. Натыйжада турак-жайларды алып сатуу быйыл 30,5% азайган.
Ош областында болсо тогуз айдын жыйынтыгында 4039 кыймылсыз мүлк сатылып алынганы катталган. Бул өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу 24,8% кыскарды дегенди түшүндүрөт. 2014-жылы бул аралыкта 5371 мүлк сатылган.
Батирлердин баасы Ош шаарында доллар менен алып-сатуу 1,4% кыскарган. Доллар менен соода кыскарганына байланыштуу сом менен алып-сатуу көбөйгөнү байкалат. Улуттук акча менен мүлктү сатуу 6,6% өскөн. (ErN)