Тажикстандын баш калаасында өкмөттөр аралык жыйын уланууда. Өкмөттөн кабарлашкандай, 21-октябрда чек ара боюнча башталган сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектөөдө. Тажикстандык топко вице-премьер Азим Иброхим башчылык кылууда.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы такталган. Негизинен чек аранын калк жашабаган, тоолуу аймактары чечилип, эл отурукташкан айылдардын айланасында иш бир топ убактан бери алга жылбай келет. Анын айынан соңку кездери эки өлкө жарандары арасында жаңжал күчөп, куралдуу кагылыштарга чейин барган. (SE)