Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Токмокто “Адашкан жол” форуму уюштурулду

Терроризм, экстремизм жана радикализмди алдын алуу боюнча Токмок шаарында “Адашкан жол” аттуу форум уюштурулду.

Муфтияттан “Азаттыкка” билдиришкендей, 18-20-октябрь күндөрү өткөн иш-чарада тыюу салынган агымдарга жарандардын азгырылуусун азайтуу маселеси негизги тема болду.

Форум “Достук” мечитинде имамдар, диний серепчилердин катышуусунда суроо-жооп жана талкуу иретинде болду. Катышуучулар республиканын түрдүү аймактарынан чакырылган. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда “Эл аралык толеранттуулук үчүн” уюму уюштурду. (SE)

XS
SM
MD
LG