Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Абактан качкан Итибаевдин энеси милицияга кайрылды


Чүйдөгү №50 абактын кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткендердин бири – Алтынбек Итибаевдин энеси милицияга кайрылып, баласын өлтүрбөөнү суранды. Жарым мүнөттүк тасма бүгүн интернетке жарыяланды. Анда өзүн Итибаевдин апасы экенин айткан аял баласын милицияга колго түшүп берүүгө үндөп, ага ок атпоону күч кызматкерлеринен суранган. Эки мурда анын бир тууган агасы да ушундай билдирүү жасаган эле.

12-октябрда №50 абактын үч кызматкерин өлтүрүп, бирин чалажан абалда калтырып тогуз кылмышкер качып кеткен. Бешөө ошол эле күнү кармалып, төртөө изин жашырган. Издөө иштеринин жүрүшүндө алардын экөө милициянын огуна учкан. Алтынбек Итибаев жана Эдил Абдырахманов изделүүдө.

Колго түшкөн беш кишинин арасынан үчөө абакта каза болду. Алардын өлүмүнө жүрөк ооруу менен мээге кан уюганы себеп болгону айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG