Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Ошто чет элдик студенттердин чатагы боюнча 30 күбө суралды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 21-октябрда Ош шаарынын Курманжан Датка жана Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги чет элдик студенттердин чыры боюнча күбө болгон жергиликтүү тургундар студенттер жөн гана кыйкырып жатышканын көрүшкөн. Алар Индиядан келген студенттер үндөрүн катуу чыгарып, ызы-чуу болушкандыктан шаардыктарга алар мушташып жаткандай көрүнгөнүн айтышты.

Индиядан келген студенттер да чыр-чатак өз ара келишпестиктен улам чыкканын, бирок алар урушпаганын айтышты. Кечээ алардан 20 студент кармалып, түшүндүрүү иштеринен кийин коё берилген. Чырдан жабыр тарткандар болгон эмес. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон жок.

Кечээ түштөн кийин Ош шаарында ОшМУнун эл аралык медициналык факультетинде билим алган 100гө чукул индиялык студенттин ортосунда массалык мушташ болуп жатканын жергиликтүү тургундар милицияга кабарлаган.

ОшМУда Индия, Пакистан, Непал жана башка өлкөлөрдөн келген бир нече миң студент билим алат. Ал эми эл аралык медициналык факультетте 600гө жакын студент бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG