Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Ошто шайлоо технологиялары талкууланды


Ош шаарында бүгүн өткөн тегерек үстөлдө 4-октябрда парламенттик шайлоодо БШК менен Мамлекеттик каттоо кызматынын шайлоо өткөрүүдөгү даярдыгы, биометрикалык маалыматтар менен иштөө жараяны, инновациялык технологиянын күңгөй-тескейи талкууланды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Ринат Алиев добуш берүүдө алар тараптан айрым кемчиликтер кеткенин билдирди. Анын белгилешинче, биометрикалык маалыматтарды топтоодо убакыт тар болгондуктан, аны шайлоодо колдонуу мүчүлүштүктөрдү жаратты.

«Таза шайлоо» ассоциациясы уюштурган жыйын “Жогорку Кеңеш 2015: технологиялык өнүгүүбү же акталбаган тобокелчиликпи?” деп аталды. Талкууга БШКнын, Мамкаттоонун, өкмөттүн, аймактык шайлоо комиссияларынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышты.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар да тизмеден өзүн таппай калган учурлар катталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG