Исмаилова Борбордук шайлоо комиссиясынын аны “Республика Ата-Журт” партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгарган чечимин жокко чыгарууну талап кылган. Исмаилованын мурун жазылган арызынын негизинде тизмеден чыгарган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин Биринчи май райондук соту колдоп берген эле. Бирок Аида Исмаилова арыздагы даталар башка адамдын колу менен жазылганын билдирип, бул жерде документтерди жасоо болгонун маалымдаган.
Жогорку Сотто Исмаилованын мына ушул жүйөсү эске алынып, БШКнын жана Биринчи Май райондук соттун чечимдери жокко чыгарылып, ал “Республика Ата-Журттун” тизмесинде калтырылды.
Документтерди жасалышы боюнча Ички иштер министрлиги өзүнчө кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатканы да маалым. Аида Исмаилова “Республика Ата-Журттун” Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинде 20-орунда турган. (AiT)