Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Түркияда ИМге катышы бардыгы шектелген 12 орус жараны кармалды


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен байланышта болгону шектелген Орусиянын 12 жараны Стамбул шаарында колго түштү. Түрк маалымат каражаттары алар полициянын терроризмге каршы тобу 20-21-октябрь күндөрү жүргүзгөн рейд учурунда кармалганын жазып чыкты. Маалыматтарга караганда, 12 жарандын баары Орусиянын Түндүк Кавказ аймагынан. Алардын бир тобу Түркия аркылуу Сирияга өтүп, "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга ниеттенгени болжолдонууда.

Өткөн айда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Сергей Смирнов Сирия менен Ирактагы террордук топтордун катарында 2400дөй орус жараны бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG