Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:41

Өзбек укук коргоочусу куугунтукка кабылганын айтып чыкты


Өзбекстандык укук коргоочу Дмитрий Тихонов өзүнө каршы кылмыш иши козголгонун айтып чыкты. Укук коргоочунун сөзүнө караганда, алгач анын артынан аңдышкан. Кийинчерээк ал иш козголгонун билген. Бирок тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү кылмыш иши кандай негизде козголгонун сотко чейин айтуудан баш тартышкан.

Сентябрдын соңунда бул укук коргоочу Ангрен шарындагы милиция бөлүмүндө сабалганы кабарланган.

Дмитрий Тихонов "Азаттыкка" пахта талаасына адамдарды күчтөп алып чыгуу фактыларын иликтеп жүргөнүн, Ангрен шаарында эле 12 миң киши мажбурлап пахта терүүгө аргасыз болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG