Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Иракта "кара тумоого" кабылгандар эки миңге жетти


Ирак -- Багдаддын чет жакасындагы холерага каршы эмдөө учурунан. 21-сентябрь, 2015.
Ирак -- Багдаддын чет жакасындагы холерага каршы эмдөө учурунан. 21-сентябрь, 2015.

БУУ Иракта ушул айда "кара тумоо" (холера) илдетине чалдыккандардын саны 1600дөн ашканын билдирди. Улуттар уюмунун маалыматына караганда, өлкөдөгү гуманитардык кризистен улам 8,6 миллион киши жардамга муктаж.

Ирактын саламаттыкты сактоо министрлиги аталган илдетке кабылган 1 800дөн ашуун учур катталганын, оору айрыкча өлкөнүн түндүк аймагында - Күрт автоном окуругунда таралып жатканын кабарлады.

БУУ илдеттин жайылышына калкты таза суу менен камсыздоо системасынын бузулушу жана өлкөдө сууну тазалоо үчүн хлордун жетишсиз болуп жатканы себеп болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG