Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Атайын операцияда өлгөндөр – Нарын облусунун тургундары


Абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо операциясында каза тапкан эки жайкын тургун Нарын облусунун жашоочулары. Бири 79 жаштагы Батыш Койчуманова - Ак-Талаа районунан, 56 жаштагы Медет Какеев - Кочкор районунан болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Алар ок тийип өлгөн.

22-октябрда кечинде Бишкектин Достук кичи районунда абактан качкан Алтынбек Итибаев байкалып, ал жашынган №8 беш кабаттуу үй курчоого алынып, атышуу болгон. Натыйжада Итибаев атып өлтүрүлдү. Атышуу учурунда жайкын тургундарга да ок тийген. Итибаев да куралдуу каршылык көрсөтүп, милициянын атайын кызматынын өкүлү Төлөбек Исмаилов да набыт болду. (SE)

XS
SM
MD
LG