Исхак Раззаков атындагы техникалык университетте майыптар үчүн компьютердик жана смарт-класс ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Мындай борбор Кыргызстанда алгач ирет уюштурулганын, башка окуу жайларда да жасалышы керектигин ачылыш аземине катышкан вице-премьер-министр Валерий Диль белгиледи.
Смарт-класста майыптардын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша акылдуу планшет, интерактив доска жана башка жабдуулар бар. (SE)