Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Итибаевге жардам берген эки адам кармалды


Абактан качып, 22-октябрда жок кылынган Алтынбек Итибаевге жардам берген эки адам кармалды. Алардын бири аял, бири эркек киши. Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Турганбаев бүгүн Бишкекте маалымат жыйын учурунда билдирди. Алар Итибаевди Бишкектин “Достук” кичирайонуна алып барып, жашырган.

Быйыл 12-октябрда Чүйдөгү №50 абактын кызматкерлерин өлтүрүп, тогуз кылмышкер качып кеткен. Алардын бешөө ошол эле күнү кармалып, төртөө изин жашырган. Алардын үчөө жок кылынып, бири жарадар болуп колго түшкөн.

Качып кеткендердин бири Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда милициянын бир кызматкери менен эки жайкын тургун да набыт болду. (SE)

XS
SM
MD
LG