Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Самара Токтакунованын 70 жылдык мааракесине карата көргөзмө өтөт


Чыгаан комузчу Самара Токтакунованын 70 жылдык мааракесине жана сахнадагы 55 жылдык ишмердигине арналган көргөзмө ачылды. Бишкектеги Улуттук китепканада анын чыгармачылыгына жана өмүр таржымалына арналган сүрөттөр көргөзмөсү апта соңуна чейин уланат.

26-октябрда Токтакунова менен анын күйөрмандарынын жолугушуусу да уюштурулат. Ага коомдук жана маданий ишмерлер чакырылган.

СССР Эл артисти, Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунова Улуттук филармонияда 55 жыл эмгектенген.

Комузчу мааракесине даярдык тууралуу “Азаттыкка” айтып, комузчулар арасында сынак уюштурганын, китепканадагы жолугушууда анын жыйынтыгы чыгарыларын белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG