Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:20

Тбилисиде "Рустави-2" каналына байланыштуу нааразылык акциясы өттү


Грузиянын баш калаасы Тблисиде “Рустави-2” телеканалынын айланасындагы сот жараяны нааразалык акциясы менен коштолду.

Сот залынын алдына жүздөгөн адамдар чогулуп, сөз эркиндигин коргоого чакырышты. Каналдын азыркы жетекчилиги жана кызматкерлери өлкөдөгү жалгыз оппозициялык телеканалды грузин бийликтери мурдагы ээси аркылуу өз колдоруна өткөрүп алууну көздөп жатканын айтышууда. Ал эми өкмөт башчы Ираклий Гарибашвили бул айыптоолорду четке кагып, каналдын ички ишине жана сот жараянына бийликтин тиешеси жоктугун билдирди.

Эки ай мурда “Рустави-2” телеканалынын мурдагы ээси Кибар Халваши компаниянын бир бөлүгүн кайтарып алуу үчүн сотко кайрылган. Соттун кийинки отуруму 26-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG