Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:38

Талиптер Түркмөнстанга чектеш аралда изделүүдө


Акыркы маалыматтарда Ооганстандын вице-президенти Абдул Рашид Дустумдун аскерлери талип согушкерлерин Түркмөнстан менен чектешкен Аму дарыядагы аралдан издеп жүргөнү айтылууда.

Дустумдун куралдуу күчтөрү бир нече күн мурда Ооганстандын түндүгүндөгү талиптер ээлеп алган Жоузжан провинциясына чабуулдарды жасаган.

Аталган провинциянын жетекчиси Абдулрахман Мамудинин айтымында, аскерлер 30га чукул согушкерди өлтүрүп, унааларын жана куралдарын тартып алышкандан кийин талиптер Түркмөнстан чек арасына жакын аралга кире качкан.

Дустумдун басма сөз катчысы Султан Фаизи да талиптердин Аму-Дарыядагы аралга кире качканын тастыктады. Ооганстан күч түзүмдөрү түркмөн бийлигине талиптер алардын аймагына кирип кетиши мүмкүн деген эскертме берди.

XS
SM
MD
LG