Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Түркия Сирия менен чек арасын жапты


Түркия Хатай провинциясындагы Сирия менен чектеш “Жилвегезю” өткөрмө бекетин убактылуу жапты. Түрк бийликтери бул аракетин качкындардын лагери толуп калгандыктан башка адамдарды кабыл албай турганы менен түшүндүрдү. “Бизге эң зарыл болгон ысык тамак, суу, көмүр, тазалык үчүн керек болгон заттар жетишпей жатат”, – деп билдирди Газантеп провинциясынын мэри Фатма Шахин түрктөрдүн НТВ каналына.

“Азаттыктын” орус кызматынын маалыматына ылайык, Сирия тарапта эки миңден үч миңге чейин бозгундар чек аранын ачылышын күтүп турушат. Дагы 50 миңдейи чек араны бойлой Алеппо тарапка жөнөшүүдө.

Сириядагы аскерий кагылыштардан кийин Түркия бийлиги өз өлкөсүнө качкындар үчүн 20 миңден ашуун лагерь ачкан.Анда 2,5 миллионго жакын сириялык качкындар жайгаштырылган. Качкындарды жайгаштырууга 5 млрд. евро коротулганы айтылууда. Европа биримдиги качкындар үчүн Түркияга 3 млрд. евро бөлүүгө убада кылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG