Кыйноолордун алдын алуу борбору №50 абактан качкандардын өлүмүн тыкыр иликтеп чыгууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылууда. Бул тууралуу бүгүн аталган борбордун жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурдин Сулайманов маалымат жыйында билдирди.
№50 түрмөдөн качып, ошол эле түнү кармалган беш адам №1 тергөө абагына которулган. Эки күндө алардын үчөө, Бакыт Кенжегулов, Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов кайтыш болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, алар жүрөк оорудан жана баш мээсинен жаракат алганына байланыштуу каза болгон.
"Бизге абактан качкандардын туугандары кайрылып, ур-токмокко алынышы мүмкүн, абалын текшерип, өздөрү менен сүйлөшүп бергиле деп өтүнгөн. Биз Жумалиев менен жолукканда ал оозеки түрдө кыйнап, ур-токмокко алып атканын айтып, арыз жазган эмес. Биз 19-октябрда бардык, бир суткадан кийин кайтыш болуп атат," - деди Сулайманов "Азаттыкка".
Ал абактан качкандардын биринин артынан бири өлүшү күмөн жаратып жатканын белгилеп, муну тыкыр иликтеп чыгууну Башкы прокуратурадан суранууда.
12-октябрда аталган абактан тогуз киши үч кызматкерди өлтүрүп качып чыккан. Издөөдө жүргөн төртөөнүн экөө кармоо операциясында өлтүрүлүп, бирөө жарадар болуп кармалды. (КЕ)