Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Лейлекте балдарды колдоо борбору ачылды


Баткен облусунун Лейлек районунда зомбулукка кабылган жана оор турмушка кириптер болгон балдарды колдоо борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Бул аталган министрлик менен жарандык коомдун биргеликте иштөөсүнүн жыйынтыгы катары бааланууда.

Балдарды зордук-зомбулуктан коргоо борборун ачуу боюнча грантты “Стимул” коомдук фонду утуп алган. Анын суммасы 800 миң сомдон ашуун. Ал эми имаратты жергиликтүү бийлик бөлүп берген.

Буга чейин Социалдык өнүгүү министрлиги балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн штаб түзүү пландалып жатканын билдирген.

Расмий маалымат ылайык, былтыр өлкө боюнча балдарга карата 900дөн ашык зордук-зомбулук кылмышы катталган. ИИМ айрыкча балдарга карата сексуалдык кылмыштар көбөйүп жатканын билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG