Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Атамбаев: Өз алдынча башкаруу – өзүмбилемдик эмес


Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы өз куттуктоосунда элдин бийликке, жалпысынан мамлекетке болгон ишеними жергиликтүү өз алдынча башкарууга жараша болорун белгилеген. Ошондой эле элдин маанилүү маселелерин чечүүдө чоң күчкө жана жөндөмгө ээ экенин, жергиликтүү бийлик күчтүү болсо, өлкө күчтүү болорун айткан.

“Cиздерде көптөгөн көйгөйлөр бар экенин билем. Тилекке каршы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү мыйзамды бузган жана карапайым жарандардын укуктарын сактабаган учурлар кездешет. Өз алдынча башкаруу – өзүмбилемдик эмес. Бул кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртүү керек...” деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG